Биз менен байланышыңыз

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү салыштырмалуу 22 млрд сомго көп топтолду

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 207 | 0

2024-жылдын январь-июнь айларында Мамлекеттик салык кызматы 138 млрд 563,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

Белгиленген план 5 млрд 25,5 млн сомго ашыгы менен аткарылганын аталган мекемеден кабарлашты.

2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү 22 млрд 396,7 млн сомго көп жыйналган.

Тактап айтканда, 101 млрд 256 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, план 283,2 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын биринчи алты айына салыштырмалуу 16,8 млрд сомго көп.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча сумма 37 млрд 307 млн сомду түзүп, план 4,7 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,6 млрд сомго көп.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM