Биз менен байланышыңыз

Бишкектин көчөлөрүнөн 100 жарнак конструкциясы алынды

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 178 | 0

Бишкек шаарынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы борбор калаадагы көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштерин улантууда. Учурда Жукеев –Пудовкин жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат.

Мэрия бүгүнкү күндө 100 жарнамалык конструкция алынганын билдирди.

Коопсуздукту камсыздоо максатында Бишкек шаардык МАИ  кызматкерлери ишти жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүдө.

Мэрия жарандардан жарнамалык конструкцияларды өз ыктыяры менен демонтаж кылууну өтүнөт.  Эскирген металл конструкцияларды заманбап LED экрандарга алмаштыруу Бишкек шаарына эстетикалык көрк берери белгиленди.

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды лед экрандарга алмаштырууну, бул ишти 31-августка чейин бүтүрүүнү тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM