Биз менен байланышыңыз

«Социалдык келишим»: 8 миңден ашык үй-бүлө 100 миң сом алууга арыз берди

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 146 | 0

Бүгүнкү күндө мамлекет менен социалдык келишим түзүү үчүн 8 миң 591 үй-бүлө арыз берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Арыз бергендердин ичинен 4 277 үй-бүлө мамлекеттик социалдык жардам алуу үчүн келишим түзүшкөн.

Программанын алкагында чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомду акысыз алууга болот.

Үстүбүздөгү жылы программага 23 миң үй-бүлө катыша алат. Анын 20 миңи республикалык бюджеттен каржыланат, буга 2 млрд сом бөлүнгөн. Калган 3 миңди Дүйнөлүк банк аркылуу алышат.

Социалдык келишимди “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр түзө алат. Эгер үй-бүлө мамлекеттен бөлүнгөн 100 миң сомго өз бизнесин ачууну чечсе, райондордо жашагандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, ал эми облустук маанидеги шаарлардын жана Ош шаарынын тургундары Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмүнө арыз бериши керек.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аймактык бөлүмдүн кызматкерлери бизнес-планды жана социалдык адаптациялоо программасын түзүү боюнча, ошондой эле кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө түшүндүрмөлөрдү беришет.

Облустук жана республикалык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча бир комиссия тандоону жүзөгө ашырат.

Райондордо Социалдык маселелер боюнча комиссия жана социалдык келишимди ишке ашыруу боюнча убактылуу комиссия тандоо жүргүзөт.

Социалдык контракт түзүүдө артыкчылык 3 же андан көп балалуу же майыптыгы бар үй-бүлөлөргө, «бир айыл – бир продукт» долбоорунун жана жашыл экономиканын критерийлерине жооп берген кирешелүү жана туруктуу бизнес планы бар үй-бүлөлөргө берилет.

2021-жылы президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анын негизинде «Социалдык келишим» долбоору ишке кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM