Биз менен байланышыңыз

Астана шаарында ШКУ өлкөлөрүнүн президенттери саммитке чогулду

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 183 | 0

Бүгүн, 4-июлда Казакстандын Астана шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды.

ШКУ өлкөлөрүнүн башчылары кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык, эл аралык саясатты талкуулашат. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Астана декларациясына кол коюлат.

Ошондой эле саясий, экономикалык, энергетикалык жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө багытталган макулдашууларга жана документтерге кол коюу пландаштырылууда. Соода-экономикалык мамилелерди жана туризмди өнүктүрүүдө экологиялык маселелерге, коопсуздук, санариптик технологияларды өнүктүрүүгө көңүл бурулат.

Казакстан тараптын төрагалыгы астында өтө турган саммитке Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан, Индия, ошондой эле Беларустун башчылары катышат. Беларусь бул отурумда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет макамын алуу процедурасынын аякташын күтүүдө.

Кыргызстандын президенти Казакстанга иш сапары менен 3 июлда барган. Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев, Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев,  тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, Кыргызстандан ШКУнун улуттук координатору Казыбек Кочконов бар.

Садыр Жапаров ШКУ саммитинин алкагында Казакстанга келген Кытайдын жана Монголиянын президенттери менен жолугушту.

Шанхай Кызматташтык Уюму туруктуу аракеттеги эл аралык уюм болуп саналат. Ал 2001-жылы 15-июнда Шанхайда Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан тарабынан негизделген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM