Биз менен байланышыңыз

Ноокаттагы селден жабыркагандарга Өзбекстандан гуманитардык жардам келди

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 176 | 0

Ош облусунун Ноокат районундагы селден жабыркагандарга Өзбекстандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Санжарбек Зупаров баштаган делегациянын коштоосунда жалпы 95 тонналык гумжардамды Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ильяс Ташбаев тосуп алды.

Гумжардамда ун, өсүмдүк майы, кум шекер жана башка тамак-аш азыктары бар экени айтылды.

28-июнда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Сел агызып каза болгондордун саны 10 адамга жеткен. Турак-жайлар, эгин талаалары, мал-жандыктар жабыркаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM