Кыргызгидромет билдиргендей, 22-июнда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26.
Бишкекте күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +32…+34 градус ысык.