Бишкек шаарында Байтик Баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Бул көчө менен каттаган автобустардын кыймылы убактылуу өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
21-июнда Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.
Буга байланыштуу автобустардын каттамдары убактылуу өзгөртүлдү:
* №6 автобус — Анкара көч., 7-Апрель көч., Ахунбаев көч., Сүйөркулов көч., Байтик-Баатыр көч., Масалиев көч., Малдыбаев көч., Ахунбаев көч.;
* №52 автобус — Юнусалиев көч., Сүйөркулов көч., Байтик-Баатыр көч., Масалиев көч.;
* №49 автобус — Малдыбаев көч., Жаманбаев көч., Токтоналиев көч., Масалиев көч., Сүйөркулов көч.;
* №152 автобус – Байтик-Баатыр көч., Сүйөркулов көч., Ж.Пудовкин көч., Ахунбаев көч.