Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк 62 млн 500 миң доллар сатып алды

Кыска кабар | 20 Июн 2024 | 159 | 0

19-июнда Кыргызстандын Улуттук банкы 62 млн 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө валюталык интервенция жасады.

Улуттук банк ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 10-ирет чет элдик валютаны сатып алуу менен тескери интервенция жүргүзүүдө.

Учурда доллардын расмий курсу 1 доллар – 87,30 сом, евро – 93,76 сом.

Эске сала кетсек, буга чейин Улуттук банк 7-июнда – 40,7 млн доллар, 4-июнда — 16 млн 900 миң доллар, 21-майда – 31,5 млн доллар, 7-майда — 17,7 млн доллар, 26-апрелде — 24,5 млн доллар, 22-апрелде — 25 млн 850 миң доллар, 16-апрелде — 19,2 млн доллар, 8-апрелде — 17,1 млн доллар, 27-мартта — 9 млн доллар сатып алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM