Насипов Канат Жумалиевич Бишкек шаарынын прокурору кызматына дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев кол койду.
Канат Насиповду прокуратуранын жамаатына башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов тааныштырды.
Башкы прокурор Максат Асаналиев чечими менен буга чейин Ош облустук жана Ош шаррдык прокурорлору дагы алмашкан.