Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

Кыска кабар | 20 Июн 2024 | 129 | 0

19-июнда саат 18:09да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Жердин силкинүүсү Терек-Сай, Бузук айылдарында — 4,5 балл, Ала-Бука, Сары-Талаа, Кызыл-Токой, Айгыр-Жал, Кашка-Суу айылдарында — 4 балл, Кербен, Жерге-Тал, Достук, Ак-Коргон айылында жана Сумсар айылдарында — 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жердин силкинүүсүнөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM