Биз менен байланышыңыз

20-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 19 Июн 2024 | 321 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 20-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын  температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +33…+35 градус ысык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM