Биз менен байланышыңыз

БРИКС 2024: Кыргызстандык жөө күлүктөр 3-орунду ээлешти

Кыска кабар , Спорт | 18 Июн 2024 | 517 | 0

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Иван Курицин, Майсал Мукумбек уулу, Мусулман Жоламанов жана Руслан Литовский Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан Эл аралык БРИКС спорттук оюндарынын 4км 400м аралыкка чуркап 3-орунду ээлешти.

Курама команда машыктыруучулар Алмазбек Казыбеков, Фарид Усманов, Алексей Педен, Куштарбек Таштанбеков жана Анастасия Царёва жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Спорттук иш-чара 12-июнда башталган, 25-июнда жыйынтыкталат. Жалпысынан Кыргызстандын атынан  спорттун 14 түрү боюнча 100дөн ашуун спортчу катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM