Биз менен байланышыңыз

Пашинян Армениянын ЖККУдан чыгуу маселесин парламентке киргизди

Кыска кабар | 13 Июн 2024 | 165 | 0

Ереван Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ)чыгат, мөөнөтү азырынча тактала элек. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян парламентте билдирди.

Пашинян ЖККУнун эки өлкөсүн 2020-жылы Азербайжанга жардам көрсөткөн деп айыптап
Армения 2024-жылы ЖККУнун ишмердүүлүгүн каржылоосуна катышпай тургандыгын билдирди. Ал кайсы өлкөлөр жардам көрсөткөнүн ачыктаган эмес.

Ошондой эле Пашинян парламенттеги оппозицичыл депутаттардын суроолоруна дагы жооп берип «Армения ЖККУдан чыгат. Эч кабатыр болбогула. Башка жол жок жана кайра артка кайтпайбыз,-деп жооп берди».

Пашинян мындан тышкары ЖККУнун мүчөлөрү Азербайжан менен биргеликте бизге каршы согушууну пландаган уюмга кошулгандыгы үчүн Армениянын мурдагы жетекчилерин айыптады.

Февраль айында Никол Пашинян Армениянын ЖККУга катышуусун тоңдурган. Ушундан кийин Ереван Москвага орус чек арачылары Еревандагы Звартноц аэропортунда ишин токтотуусу керектигин билдирген. Март айында Пашинян эгер Ереван Армения ЖККУга мүчө өлкөлөрдун көз карашына канааттанбаса, өлкөсү ЖККУдан чыгат деп билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM