Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан-Оман командалары ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 11 Июн 2024 | 702 | 0

Бүгүн 11-июнда футбол боюнча Кыргызстан менен Омандын  курама командалары  ойнойт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө Омандын борбору Маскат шаарындагы «Султан Кабус» атындагы спорт комплексинде башталат.

Аталган беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатына жана 2027-жылы өтө турган Азия кубогуна тандоо турниринин алкагында өтүп жатат. Мында кыргыз спортчулары ак, омандыктар кызыл түстөгү формалар менен чыгышат.

Буга чейин Бишкекте Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши орун алып, тең чыгуу менен аяктаган.

Оюндун түз алып берүүсү Кыргыз Спорт ТВ жана УТРК Спорт каналдарында жеткиликтүү болот.

Ак Шумкар күйөрмандары үчүн беттештин түз алып берүүсүн көрүү үчүн атайын фанзона борбор калаанын «Ынтымак» паркында уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM