Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык балбан Орозобек Токтомамбетов Венгриядагы турнирде коло байгеге ээ болду

Кыска кабар , Спорт | 9 Июн 2024 | 534 | 0

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтүп жаткан рейтингдик мелдеште коло байге жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

«Биринчи беттешинде венгриялык балбан Мурад Курамагомедовдон жеңилип калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу коло үчүн беттешүүгө мүмкүндүк алды. Анда өзбекстандык Бекзод Абдурахмонов жаракат алганына байланыштуу ата мекендик балбанга жеңиш ыйгарылып 3-орунду ээледи»- деп жазылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, Токтомамбетов 74 кг салмакта чейрек финалдык баскычтан баштап катыша баштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM