Биз менен байланышыңыз

Ошто Эко-такси ачылды. «Максатыбыз — жашыл экономикага салым кошуу»

Блог | 7 Июн 2024 | 916 | 0

3-июнда Ош шаарында алгачкы “ЭКО” такси ачылды. Учурда шаар тургундарынын бүйүрүн кызытып, такси өз кардарларын жигердүү топтоп жаткан учуру. Бул такси кызматы өкмөттүн жашыл экономика жана экология планын ишке ашырууга салым кошот.

“ЭКО” такси жөнүндө, өзгөчөлүгү жана унаалардын сапаты тууралуу “ecoauto.kg” компаниясынын жетекчиси жана “Спарк Юг” жоопкерчилиги чектелген коомунун түштүктөгү өкүлү Аманбай Абдижалил уулу менен маектештик.

Ошто алгачкы ЭКОтакси кызматын ачтыңыздар, ишкана тууралуу кенен маалымат берсеңиз?

— Ошто алгачкы ЭКОтакси октябрда түзүлүп, техникалык ачылыш менен ноябрда иштеп баштаганбыз. 3-июнь күнү расмий ачылыш аземин өткөрдүк. Атайын 40тан ашуун электромобиль Кытайдан алынып келинди. Ош шаарынын мэриясы менен чогуу 6 локацияга электромобилдерди кубаттоочу станцияларды курууга да жетиштик.

Башка таксилерден эмнеси менен айырмаланат?

-Мында негизги максат катары өкмөттүн жашыл экономика жана экология долбоорун колдоо болгон. Азыркы учурда 40тан ашуун машина күнү-түнү эки нөөмөт менен иштешет. Жалпысынан 60-70 жумуш орунун түздүк, алардын ичинен 10го жакыны Орусиядан кайтып келген мигранттар. Ошто «Яндекс такси» арзандыгы менен белгилүү. Азырынча биздин сан 200гө жеткенге чейин ушул платформаны колдонуп, 200гө жеткенден кийин жаңы мобилдик тиркеме аркылуу, кардарлардын капчыгына зыян келбегендей, ортоңку деңгээлдеги платформа иштеп чыгуу планда бар. Учурда бензин дагы кымбат, ошондой эле 80-90% сырттан импорттолот. Бул акча сыртка чыгып кетет дегенди түшүндүрөт. Электромобилдер болсо 100% бюджетке киреше алып келет.

Унаалардын техникалык сапаты кандай?

— Бизде өзүбүздө электромобилдик тейлөө борборубуз бар.  Биринчи агымы 2019-2020-жылда, акыркысы 2024-жылдын апрелинде чыккан кепилдиги менен келди. Булардын техникалык сапаты аябай бышык, сапаттуу болот.

Такси айдоочуларына кандай талаптарды коесуз?

— Айдоочуларды да бир канча шарттар менен кабыл алабыз. Айдоочуга болгон талаптар: 3 жылдан кем эмес эмгек тажрыйбасы болушу шарт, тиркемеге катталган маалыматта соттолбогондугу, ден соолугунда көйгөй болбогондугу каралат. 4-пункт катары сөзсүз түрдө салык кызматынан патент алыш керек. Официалдуу бухгалтерияны киргизип, 4-6% салык төлөнөт. Унаалар мамлекеттик жана жеке жактан камсыздандырылгандыктан, машина бузулуп, кырсыктап калган болсо, айдоочуларга күч келбейт.

Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо учун кандай чаралар каралган?

— ЭКОтакси кызматында айдоочунун жеке маалыматы базада сакталган. Эгер кимдир бирөөдон арыз түшө турган болсо, айдоочуга чара көргөнгө толук шарт түзүлгөн.

— Алдыда таксопаркты дагы кеңейтүүнү карайсыздарбы?

Раззаков шаарынан Токтогулга чейин 30 электр кубаттоочу станцияларды 31-августка чейин  куруу планда бар.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM