Биз менен байланышыңыз

5-июндун аба ырайы

Кыска кабар | 4 Июн 2024 | 140 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 5-июнга караган түнү  Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30

Баткен аймагында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.  Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15°, күндүзгү  +28…+30° болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM