Натуропат, психолог Гүлнара Даминдарова психологиялык абалдын ден соолукка тийгизген таасири, ич катуунун себептери жана өт, боорду сактап калуу жолдору менен бөлүшүп, «Маралдын» эфиринде маек куруп берди.
— Натуропат деген терминди ачыктап кетсеңиз?
— Аты айтып тургандай эле табигый деген сөздөн келип чыккан. Биздин ден соолугубузга табигый азыктар жана жолдор менен кам көрүү же алдын алуу. Азыр спорттун ар кандай түрү менен алек болуп, жашообузга сергектик, дени сак жашоону алып келип жатабыз. Ден соолугубузга бир эле тамак-аш же спорт таасир этпейт. Айрыкча психологиялык жана физикалык абалыбыз да чоң таасирин тийгизет.
Мен дарылоону баштаганда алгач психологиялык абалына карайм. Себеби азыркы коомдо бири-бирине таарынуу, капалануу, коркунуч жана башкаларга болгон кыжырдануу көп. Мунун баары менин башымдан өтүп, аны жеңгенден кийин башкаларга да жардам берүүгө кызыктым. Мен 40 жашка келип калганда гинекологияда кандай оору болсо ошонун баарын чогултуп алыпмын. Ал эми башымдын ооруп жүрүүсү дайымкыдай эле көрүнүш болуп калган болчу. Адам жашы чоңойуп баштаганда ушундай болуп баштайт деген ой менен жашачумун. Себеби биздин аң сезимде улуураак адамдын ооруганын көрсөк боло турган эле көрүнүш деп ойлойбуз. Андан кийин балдарым ооруп баштагандан кийин гана нутрициологияны изилдеп чыгууга кызыктым. Ошол учурда Орусияда болгонум үчүн ошол жактан окудум.
Нутрициологияны түшүнүп, колдонуп бир аз жеңилдеп баштадым. Бирок психологиялык жактан ичиңде көп нерсе жаткан болсо толук жеңилдей албайт экенсиң. Анан ошондо гана бул тарапты дагы чогуу алып кетишим керек деген чечимге келдим.
-Сиз балаңыздын ооруп калганын айттыңыз. Муну сиздин ден соолугуңуз менен байланышы бар деп ойлойсузбу?
— Бала төрөлгөндөн баштап чоңойгонго чейин эненин ден соолугу, эмоционалдык абалы менен тыгыз байланышта болот экен. Ошондуктан турмушка чыгып баланы пландап жатканда аң сезимибиз менен даяр болуп келгенибиз жакшы. Сиз балаңызды жарык дүйнөгө алап келгенде ден соолугуңуз, аң сезимиңиз кандай абалда экени өтө маанилүү. Мен дагы кош бойлуу кезимде коркок, таарынчаак мүнөзүм бар болчу. Тамактануума да көп маани бербей, аллергия да чыгып кеткен. Ошондой абалымда баламды төрөгөнмүн.
Балам бронхит болуп ооруп жүргөндө дарыгерлер ооруканадан дары-дармектерди жазып берип чыгарып коюшкан. Ошондон кийин бул жаатта изилденип, ар кандай ыкмаларды колдонуп, 12 жашында илдеттен арылып, дары-дармексиз жүрүп калды.
Биздин организм өтө акылдуу болот. Биз жакшы туруп эле рак же кант диабети менен ооруп калбайбыз. Башында эскертүү берип, денебизде майда-барат өзгөрүүлөр болот. Анткени биз ичим катып жатат деп дарыгерге эч качан барбайбыз. Биз андай нерселерге маани бербейбиз. Үй-бүлөдө сырткы таасирлерден же ар кандай кырдаалдардан улам уруш-талаштар чыгып, ал жаш балага таасир берип, ал таарыныч, кайгы-капа ичинде бук болуп калышы мүмкүн. Бул нерсе кийин ашказанга жана башка ички органдарга өз таасирин берет.
— Биздин эмоциялык абалыбыз жана күнүмдүк жашоо тартибибиз кандай болушу зарыл?
Азыр жашообуз жеңилдеп бир жерибиз тынчсыздандырып жатса себебин билүү үчүн интернеттен карап алабыз. Бирок күнүмдүк жашообузда жөнөкөй болуп жаткан нерселерге көңүл бурбайбыз. Эгер биз стресс боло турган болсок биринчи эле ашказаныбызга кандайдыр бир таасирин тийгизет. Ал эми эң бир керектүү жумушту аткарган боорубузду алсак биздеги болуп жаткан агрессия, бир нерседен коркуу же тактап айтсак ичибизде чыкпай калган эмоциялардын баары боорубуз менен өтүбүзгө күч алып келет. Баш оорубуз бизди ойлондурган күнүмдүк майда-чүйдө маселелерди оор кабыл алганыбыздан же көп ойлоно берүүдөн чыңалып, ооруга алып келет.
Андан тышкары, көнүгүү жасоо, тамактануу жана уктообуз дагы өзүнүн орду менен болушу керек. Кээ бирлер «7-8 саат уктап койсом болду да» деп ойлошот. Мындай ойлогонубуз туура эмес. Себеби өз убагында болгон түнкү уйкунун жана күндүз убакытта уктагандын айырмасы бар. Кечинде саат 9-10 аралыгында уктоо ден соолукка эң жакшы таасирин берет. Ошол эле уйкуну саат 12ден кийин эрте менен каалаган убакытка чейин уктасаңыз да анчалык маанилүү эмес.
-Сизге кандай көйгөйлөр менен көп кайрылышат?
Азыр коомубузда ич катуудан аябай көп адам кыйналат. Муну кээ бир адам көнүмүш адаттай эле кабылдап алган. Биздин бүгүнкү ичкен тамагыбыз эртеңкиге калып жатат. Мурунку кийинки тамактар жыйналып ошол жерде газ пайда болот. Бирок ичибизде дайыма газ болуп турат. Болгону пайдалуу анан улуу газдар болуп бөлүнөт. Ошол уулу газдар чыкпай ичегиде калып калганда ичибиз көөп баштайт. Кээ бирлер «көп тамак ичпейм, бирок ичим көөп кетет» деп айтышат. Бул мурдатан бери келе жаткан ичибиздеги маселелерден улам пайда болот.
-Көпчүлүк мындай маселеден качуу үчүн дайыма дары колдонушат. Мындан башка жолдорун да айта кетсеңиз?
Кайра эле өткө токтолобуз. Бул биздин организмде ичегинин машыктыруучусу деп айтсак болот. Биздин ичкен тамактарыбыз өткө келип бышып, жетилип, ал жерден он эки эли ичегибизден ичке ичегибизге берилет. Мына ушул функциялар да иштебей, ичкен тамагыбыз кайра зарна болуп оозубузга келип жатса чоң көйгөй. Бул биздин көнүгүү жасабай, кыймыл аракеттин аздыгынан жана ашказандын тегерегиндеги чыңалуунун көптүгүнөн келип чыгат. Биз дарыга чуркабай өттүн жүрүшүн ишке салып, ичегилерди тазалоонун жолун карашыбыз керек.
Андан тышкары, бардык көйгөйлөрдү чечүүчү бир эле нерсе бар. Бул — туура дем алуу. Биз үч деңгээлде дем алабыз. Айымдар кыска эле көкүрөк менен дем алып коебуз. Ал эми эркектер ал жөнүндө ойлонбошу да мүмкүн. Эгер ичибизден туура дем алсак өтүбүздүн убагында чыгып туруусуна өбөлгө түзөт. Жөнөкөй тил менен айтканда туура дем алуубуз ички органдарыбызды массаждап турат.
— Азыр бардык эле жаш куракта ашыкча салмак же айрыкча эркек кишилердин курсак салып алганы көп байкалат. Муну дагы сиздин тазалануу ыкмасы менен кетирсе болобу?
— Ооба, тазалануу аркылуу кетирсе болот. Мунун себептери кайра эле ич көпкөндөн келип чыгат. Себеби ич көпкөндө органдарды түртүп баштайт. Анын натыйжасында ич чоңойуп органдар өзүнүн табигый формасынан кетип, өттү, боорду барып кысып баштайт. Ошондуктан алар өз кызматын аткара албай калат. Бул 47 эсе чоңойууга алып келет.
— Эрте менен күнүбүздү кандай башташыбыз керек? Бир стакан жылуу суу ичүү зарыл, эгер лимон менен болсо дагы жакшы деп айтылат. Бул туурабы?
— Эрте менен бир стакан суу ичүү жакшы. Ар ким ар кандай ичет. Бул жерде биз өзүбүздү укканды үйрөнүшүбүз керек. Себеби ар кимдин организми ар кандай. Мисалы, мага бал менен ичкен, ал эми синдиме лимон менен ичкен жагат. Мурдатан бери колдонуп келген бал өтө пайдалуу. Эрте менен ачкарын жылуу сууга кошуп же кошпой эле оозубузда кичинеден даамын татып артынан жылуу суу ичип койсок дагы жакшы болот.
— Мегиңизге чоң ырахмат!