Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан эми «Жашыл климат» фондуна өз алдынча долбоорлорду тапшыра алат

Коом , Кыска кабар | 28 мая 2024 | 576 | 0

Кыргызстандагы коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) Борбордук Азияда БУУнун Жашыл климаттык фондунан (ЖКФ) аккредитация алган алгачкы уюмдардын бири болуп катталды. Бул тууралуу «Маралга» Министрлер кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директорунун орун басары Асел Мадыбаева билдирди.

Учурда Казакстандын Алматы шаарында климаттын өзгөрүүсү боюнча Борбордук Азия конференциясы өтүп жатат. Ага Кыргызстандан барган делегация жана журналисттер да катышууда. Климаттык каржылоо борборунун директорунун орун басары Асель Мадыбаева: «Борбордун азыркы учурдагы башкы максаты – долбоорлорду иштеп чыгуу, ошондой эле каражат тартуудагы потенциалды жогорулатуу болуп саналат.  Ал эми  АРИС уюму Жашыл климаттык фондуна өз алдынча долбоорлорду тапшыра алат. Буга чейин каттоо жок болгондуктан Эл аралык уюмдар аркылуу гана тапшыра алчубуз».

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетине караштуу Климатты каржылоо борбору 2021-жылы түзүлгөн. Алгач өз алдынча иш алып барып,2023-жылы Министрлер кабинетин карамагына өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM