Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 11-майда роботтордун фестивалы өтөт

Блог , Кыска кабар , Пикирлер | 22 Апр 2024 | 530 | 0

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин информатика предметинин кафедра башчысы Талант Арстанов жана Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин информатика мугалими Медербек Азимов «Маралдын» түз эфиринде I-SMART фестивалы жана робототехниканын келечеги тууралуу маек курушту.

I-SMART фестивалы

ISMART- робототехника боюнча фестиваль. Муну сапат мектептеринде окуучулар арасында баштаганбыз. Биз жазган программаларды роботторго жүктөшөт. Алгачкы жолу 2015-жылы баштап 2020-жылга чейин улантып келгенбиз. Ошондон бери быйылкы жылы пландаштырып, дагы кошумча нерселерди кошуп жандандыруу жылы кылабыз.

Фестивалга кимдер катышса болот?

Бул убакытка чейин 1-2 категория менен «Сапат» мектептери арасында эле болуп келген. Азыр мамлекеттик деңгээлге чыгып, 10-11 категориядан турат. Бул жолкусунда өлкөнүн каалаган булуң-бурчунан катышса болот.

Кандай категориялар кирген?

Биз өзүбүз кызыктуу болсун деп ар кандай аттарды коюп койгонбуз. Мисалы, көк бөрү, футбол деген категориялар бар. Ал жерде роботтор топту алып башка жерге жылдыруусу керек.

Ошондуктан катышууга чектөө жок. Болгону категорияны туура тандаш керек. Эмне үчүн категорияга бөлгөнбүз? Себеби роботтун акырын, программа аркылуу же бир баскычты басып койсоң эле иштеп кеткен түрлөрү бар. Биздин максат аларды жарыштыруу эмес, балдардын ой жүгүртүүсүн өзгөртүү. Ошондуктан да бардык мектептерге ачык, акысыз кылып жатабыз.

Кантип катталса болот?

Катышуучуларга каттоо жүргүзөбүз. Атайын https://www.ismartolympiad.org/ сайтынан же 0554 54 45 01 номерине байланышса болот. Ал жактан категорияларды тандап эле катыша берсе болот.

Ата-энелерге кайрылуу

Дүйнөдө күн сайын технология жаатында жаңылануулар болуп жатат. Биз бир нече жыл мурдагы фестивалдагы роботтор менен жүрөбүз. Азыр ата-энелер балдарына жакшы көрүп, акыркы үлгүдөгү телефондорду алып берип жатат. Анын ордуна робототехникаларды үйрөтүүчү жерлерге берсе жакшы болот эле. Бирок ар кимдин мүмкүнчүлүгү ар кандай. Баланын жөндөмүнө жараша спорттун ар кандай түрлөрүнө берип жаткандар бар. Ошонун жанында эле билимди да унутпаса.

Фестивалга катышуунун пайдасы

Мен 2017-жылдан бери катышып келгенмин. Азыр ошол учурда катышкан досторум бул тармакта мыкты болуп, үйрөтүүчү катары сабак берип келишет. Менин оюмча, 21-кылымдын балдары техникага жакын болуп, бат өздөштүрүп кетет. Кээ бир окуучулар чет өлкөгө чейин барып жатышат. Ал эми кээ бирлер бул тармакта өздөрүнүн курстарын ачып башкаларга үйрөтүүдө.

Бул тармактын Кыргызстандагы келечеги

Азыр бизде тигүү тармагы өнүгүп жаткандыктан чет өлкөдөн өздөрү тиккен техникаларды алдырып жатышат. Бир адам бир күндө сегиз саат иштеши мүмкүн. Ал эми автоматташтырылган машиналар 24 саат болсо да иштей берет. Муну билбеген, техникадан түшүнүгү жок адам үчүн иштетүү кыйынга турат. Ошондуктан Кыргызстанда дагы жакынкы арада бул тармак кеңири жайылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM