Биз менен байланышыңыз

Эки жылда 144 бал челек чарбасы ачылды

Кыска кабар | 21 Апр 2024 | 100 | 0

Кыргызстанда мамлекеттин колдоосу менен 144 бал челек чарбасы ачылган. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Министр Гүлнара Баатырова эки жылдын ичинде 144 үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сомдон алып, балчылык менен ишкерлик кылганын, бизнес-идея өзүн актаганын белгилеген. Министр буга чейин мамлекеттин 100 миң сомдон акча алып күнөскана ачкан, ири мүйүздүү мал алып иш кылып жаткан аялдар менен жолуккан.

Белгилей кетсек, быйыл мамлекет 20 миңдей үй-бүлө менен социалдык келишим түзүүнү көздөөдө. Андан тышкары, Дүйнөлүк банктын колдоосунда 3 миң үй-бүлө менен да ушундай эле келишим түзүлмөкчү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM