Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Тоолуу райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 21 Апр 2024 | 286 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, 22-апрелде Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27,

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,

Баткен облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7 болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 23…25° болот.

Эске салсак, 21-23-апрель күндөрү туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM