Биз менен байланышыңыз

Эмилбек Жусупов мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Кыска кабар | 21 Апр 2024 | 197 | 0

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды.

Эмилбек Жусуповдун арызы БШКнын жакынкы отурумдарында каралат.

Эске салсак, бир жыл мурун Бишкек шаарынын жашоочулары маалымат жыйын өткөрүп, Эмилбек Жусупов негиздеген «Эмаком» курулуш компаниясынан батирлерин ала албай жатканын айтышкан. Алар компаниянын жетекчилигин жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Ал эми, Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов «Эмаком» курулуш компаниясынан батирлерин ала албай жаткан жарандар боюнча айтылгандарга жооп берип, аталган курулуш компаниясын башкаларга өткөрүп бергенин, батирлерин ала албай алданып калгандарга тиешеси жок экенин билдирген.

Белгилей кетсек, Эмилбек Жусупов 2021-жылы “Ишеним” партиясынан шайланып келген. 2017-2018-жылдары – «Эмаком» ЖЧКнын башкы директору болгон. 2018-2021-жылдары  – «Эмаком Холдинг» холдингинин президенти болгону Жогорку Кеңештин сайтында көрсөтүлүп турат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM