Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги стадионду оңдоо иштери июнда башталат

Кыска кабар | 21 Апр 2024 | 210 | 0

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду оңдоо иштери 10-июндан тарта башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.

Оңдоп-түзөө иштери 2024-жылдын сентябрь айынын ортосунда аяктоосу пландалууда. Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев жеринде көчмө жыйын өткөрүп, шаардык муниципалитетке стадиондун айланасын көрктөндүрүү, Кыргыз футбол биримдигине оюн тааласын калыпка келтирүү жана жарыктандыруу системасын оңдоп-түзөө, ал эми Финансы министрлигинин жана Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктигине каржы булактары менен оңдоп-түзөө иштерин пландоо, Жеңил атлетика боюнча федерациясына чуркоочу аянтчаларды кароого алуу тапшырмаларын берди.

Эске салсак, 6-июнда өлкөнүн башкы футбол аренасында Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан – Малайзия командаларынын жооптук беттеши өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM