Биз менен байланышыңыз

Көк-бөрү бешинчи Көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилди

Кыска кабар | 21 Апр 2024 | 78 | 0

Көк-бөрү федерациясынын маалыматына ылайык, көк бөрү бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына киргизилди.

Маселе Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин жакында Астанада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында чечилди.

Буга чейин Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары көк-бөрү менен кыргыз күрөшүн расмий спорттук программага киргизген эмес. Оюндар көргөзмө сынактардын тизмесине киргизилген.

Белгилей кетсек, бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM