Биз менен байланышыңыз

Профсоюз тарабынан берилген эс алуунун баасы канча жана кимдерге берилет?

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Апр 2024 | 518 | 0

Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Джумадилде уулу Мурадил «Маралдын» эфиринде федерациянын иш алып баруусу, жумушчулардын эмгек өргүүнү кантип алса болору жана укутары жөнүндө маек куруп берди.

Эмгекчилердин бир жылда профсоюз аркылуу канча жолу эс алууга укугу бар?

«Эмгекчилер бир жылда бир жолу эмгек өргүүгө чыгып эс алып келгенге мүмкүнчүлүгү бар. Мүмкүн болушунча көп балалуу, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө бергенге аракет кылып жатабыз. Профсоюздун мүчөлөрү менен биргеликте быйылкы жылдын эс алуу баасын күнүнө 800 сом деп бекиттик. Мунун ичинде үч маал тамак, жатакана кирет. Бул азыркы учурда арзан деп эсептелет».

Жеке менчик компанияларда иштеген жарандар да сиздерге кайрылып, иштешсе болобу?

«Профсоюз мамлекеттик же жеке менчик деп бөлбөй баары менен иштеши керек. Бирок азыр курулуш тармагында жана тамак аш ташып иштеген жумушчулардын укугунун бузулуусу көп болуп жатыптыр. Себеби эмгек келишими түзүлбөй, эки же үч ай иштетип жумуштан кетирет.

Ал адамдардын убагы келип пенсияга чыгууда көйгөйлөр жаралат. Бул нерсенин үстүндө катуу туруп иштөө үчүн атайын аймактарга өкүлчүлүктөрдү ачкан жатабыз. Ошол жерге келип эмгек келишимин түзүүнү, кайсы убакытта иштегенге болбой турганын сурап, кеңеш алып кетишсе болот».

Эмгек кодексиндеги өзгөрүүлөргө сиздердин федерацияга кандай тиешелүү жактары бар?

«Бул кабыл алынган нерсе эки айда эле жасала калчу иш эмес экен. Жок дегенде эки жылды талап кылат. Биздин федерация чогуу катышып иштеп чыгышыптыр. Бирок акыркы кирген долбоордун редакциясында бир нерсе эске алынбай калыптыр. Бул 219-беренеде жумушта иштеп жатып майыптык алып калса сөзсүз түрдө компенсация төлөнүп берилиши каралган. Эгер 3-топтогу майыптык алып калса 219 миң сом алмак. Ал эми азыркы жаңы мыйзамда 30 миңге түшүп калыптыр.

Азыркы учурда кесиптик бирликтердин тармагы өзгөрүп жаңыланып жатат. Биз жумушчулардын социалдык жактан жана укуктарын коргоонун үстүндө иштөөгө басым жасап жатабыз. Бул нерселердин баарын биздин социалдык баракчалар аркылуу билип турушса болот».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM