Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Азия чемпионаты жыйынтыкталды, кыргызстандык балбандар 14 медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 17 Апр 2024 | 592 | 0

Бишкекте 11-апрелден 16-апрелге чейин өткөн күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды.

Азия биринчилигинде алгач килем үстүнө Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы чыкты. Өлкө намысын он спортчу коргоп, натыйжада 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байгеге ээ болгон. Мелдештин биринчи күнүндө Улукбек Жолдошбеков, Алибек Осмонов, 3-орунду ээлеп коло медалга татышкан.

Экинчи күнү Тайырбек Жумашбек алтын утса, Айаал Лазарев күмүш медалга ээ болду. Жалпы командалык эсепте 121 упай топтоп кыргыз балбандары 3-орунду ээледи. Ал эми 1-орунда Иран, 2-орунду Япония болду.

Мелдештердин экинчи бөлүгүндө, 13-14-апрель күндөрү, кыз-келиндер курама командасынан Айпери Медет кызы жана Айсулуу Тыныбекова алтын байгенинин ээси болушту. Гүлнура Таштанбекова менен Арууке Кадырбек кызы коло медаль утушту. Жалпы командалык эсепте кыргыз балбан кыздары 5-орунга татышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM