Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбеков Азиянын үч жолку чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 16 Апр 2024 | 544 | 0

Балбан Жоламан Шаршенбеков Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалында грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак ченинде  жапониялык балбан Кайто Инаба менен күч сынашты.

Жоламан Шаршенбеков атаандашын 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, Азия чемпионатынын үчүнчү жолку чемпиону болду.

Шаршенбеков 1/8 финалдан баштап, Индонезия, Өзбекстан, Ирандын балбандарын мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыккан.

Бишкекте 11-апрелден 16-апрелге чейин эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Ага Азиянын 30дан ашык мамлекети катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM