Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Балбан Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 16 Апр 2024 | 424 | 0

Балбан Жоламан Шаршенбеков Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында финалга чыкты.

Ал 16-апрелде грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат.

Учурдагы Азия чемпиону Шаршенбеков 1/8 финалдан баштап, Индонезия, Өзбекстан, Ирандын балбандарын мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты. Анын атаандашы жапониялык Кайто Инаба болот.

Мындан тышкары, Раззак Бейшекеев 67 килограммга чейинки салмак ченинде 1/8 финалдык баскычтан баштап, Монголиянын, Казакстандын, Кореянын балбандарын катары менен жеңип, финалга да чыкты. Алтын үчүн беттеште ирандык Эсмаэли Лейвеси менен күрөшөт.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

72 килограммга чейинки салмак ченинде Адилхан Нурланбеков коло медаль үчүн өзбекстандык Абдулло Алиев менен беттешет.

82 килограммга чейинки салмакта Бекзат Орункул уулу 3-орун үчүн кореялык балбан менен беттешет.

Бишкекте 11-апрелден 16-апрелге чейин эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.  Ага Азиянын 30дан ашык мамлекети катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM