Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионатынын акыркы күнүндө кыргызстандык 5 балбан килемге чыгат

Кыска кабар , Спорт | 16 Апр 2024 | 323 | 0

Бүгүн, 16-апрелде спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталат. Анын алкагында грек-рим күрөшү боюнча 5 медаль топтому ойнотулуп, өлкө намысын 5 балбан коргойт:

— 60 кг чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков 1/8 финадык баскычтан баштайт;

— 67 кг чейинки салмакта Раззак Бейшекеев 1/8 финалдан баштайт;

— 72 кг чейинки салмакта Адылхан Нурланбеков 1/8 финалдан баштайт;

— 82 кг чейинки салмакта Бекзат Орункул уулу 1/4 финалдан баштайт;

97 кг чейинки салмакта Бексултан Махмудов 1/4 финалдан баштайт.

Мелдештер Бишкектеги шаардык “Бишкек Арена” муз аянтчасында өтөт. Башталышы саат 11:30.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM