Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 14 Апр 2024 | 376 | 0

Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.

62 кг чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/4 финалдык баскычтан баштап, анда Түштүк Корея өлкөсүнөн келген Сюн Жо атту балбан кызды 6:0 эсеби менен алдыга чыгып келе жатып туше ыкмасын колдонуп, таза жеңишке жетти.

Жарым финалда монголиялык спортчуну 13:3 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашат.

Эскерте кетсек, Сакура Мотоки менен Айсулуу Тыныбекова 2023-жылы Белград шаарында (Сербия) өткөн дүйнө чемпионатында кез келип, жыйынтыгында кыргызстандык спортчу жеңишке жетип, Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM