Биз менен байланышыңыз

Айпери Медет кызы Азиянын эки жолку чемпиону аталды

Кыска кабар , Спорт | 14 Апр 2024 | 198 | 0

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Ал 76 кг чейинки салмак ченинде 1/4 финалдан баштап катышып, анда индиялык Прия Прия аттуу спортчуну 3:1 эсебинде жеңди.

Жарым финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы 5:1 эсебинде артта калтырып, финалга чыкты.

Ал эми чечүүчү финалдык беттеште кытайлык спортчу Юнуян Хуангды 10:7 эсебинде ишенимдүү утуп, алтын медаль тагынды.

Муну менен  Айпери Медет кызы өз карьерасында Азиянын эки жолку чемпиону аталды.

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы 2022-жылы дагы Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпионатында дагы алтын медалга татыган. Мындан сырткары, ал үч жолу Азия чемпионатынын күмүш медалын жеңген.

Белгилей кетсек, ушул тапта “Бишкек Арена” муз аянтчасында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM