Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Кыргызстандык эки балбан финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 12 Апр 2024 | 327 | 0

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Тайырбек Жумашбек уулу жана Айаал Лазарев Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.

61 кг чейинки салмак ченинде Тайырбек Жумашбек уулу 1\4 финалдык баскычтан баштады. Түндүк Кореялык Ким Чои Рини 5:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда ирандык Реза Атринагхарчи аттуу балбан менен бүйүр кызыткан беттеш өткөрүп 7:7 эсебинде тең келе жатып, 0.5 секунд калганда жеңишти камсыздай алды.

Жыйынтыгында эсеп 11:7 эсеби менен аяктады. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште казакстандык Ассыл Айтакын аттуу балбан менен күч сынашат.

Мындан тышкары, 125 кг чейинки салмакта Айаал Лазарев 1\4 финалдык баскычтан баштап, биринчи беттешин кытайлык Бухеердун атуу балбанды 10:6 эсебинде утту. Жарым финалда монголиялык Одгерел Баткхишиг менен кез келип, жыйынтыгында 10:0 эсебинде жеңишке жетип финалга чыкты.

Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM