Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Германияда компаниялар кыргыз жаштарына мыкты баа берет

Блог , Пикирлер | 16 Апр 2024 | 561 | 0

Кыргызстандын Германиядагы толук кандуу элчиси Өмүрбек Текебаев «Маралдын» түз эфиринде Германиядагы элчиликте болуп жаткан алгылыктуу иштер жана кыргыз жаштарынын Европадагы потенциалы ж.б. тууралуу маек куруп берди.

Күн энергиясы боюнча Германиядан потенциалыбыз көп

«Биз байбыз, тоолорубуздун ичинде эмне жатканын өзүбүз дагы билбейбиз. Күн энергиясы боюнча Германиядан караганда потенциалыбыз бир жарым эсе көп экен. Ал эми Германиянын аянты бизден бир жарым эсе чоң болуп жатат. Бизге күн түз, жакындан тийип, күнөстүү күндөр көп. Мындан улам биз Германия менен альтернативдүү энергетика багытында кызматташа турган жактарыбыз көп».

Бизде Европада жок эмгек ресурсу бар

«Андан тышкары, биздеги эң чоң ресурс – эмгек ресурсу. Европада карылар көбөйүп, жаштар азайып жатат. Ошондуктан дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жумушчу күчтөрдү иштетүүгө аргасыз.

Көп немис компаниялары менен кыргыз жаштарын адистиктерге окутуп, немис тилин үйрөтүп жумушка орноштуруу планынын үстүндө иштеп жатабыз. Анан аларды акырындан жумушка орноштуруп баштайбыз. Көпчүлүк бул нерсеге «өзүбүздө жумушчу калбай калат» деп айтышы мүмкүн. Бирок бул туура эмес ой жүгүртүү. Биздин жаштар кесиптерди мыкты өздөштүрүп, чет өлкөдөн тажрыйба топтосо, кийин ошол тажрыйбаны сөзсүз өлкөнүн өнүгүүсүнө жумшайбыз.

Жаштарды жумушка орноштуруу геосаясий жактан да мааниге ээ

«Биздин бир миллионго жакын жаштарыбыз Орусияда жашап, иштеп жүрөт. Туура, Орусия биз үчүн жакын кошуна, стратегиялык өнөктөш өлкөбүз. Бирок бир эле өлкө менен чектелип калган туура эмес. Алар соңку окуялардан улам, тажик мигранттарын «чыгып кеткиле» дегендей, кыргыздар силер дагы чыгып кеткиле десе эмне болот? Ошондуктан жаштардын бир бөлүгүн башка, алдыңкы өлкөлөргө жиберүү, ал жактан тажрыйба топтотуу маанилүү. Орусиядан үйрөнө албаган нерселерин үйрөнгөн же эки эсе көп каражат таба ала турган өлкөлөргө жөнөтүшүбүз керек. Биздин жаштарды жумушка орноштуруу социалдык жактан гана эмес, геосаясий жактан дагы мааниге ээ. Анткени алар Батышта иштесе ал жактын, Чыгышта иштесе алардын менталитетин өзүнө сиңирет, өнүгүүсүн көрөт. Бул алар үчүн чоң турмуштук тажрыйба».

Германияда компаниялар кыргыз жаштарына мыкты баа берет

Биз жумушка орноштурган компанияларга барып, жаштардан кабар алып турабыз. Жумуш берүүчүлөр «тил билүү, дисциплина жана жумушту так аткаруу жагынан башка жактан келген жаштарга караганда кыргызстандыктар өтө жакшы» деген жоопторун беришти. Алар бул жылы дагы көбүрөөк адамды ишке алууну каалап жатат. Ошол жерде иштеген бир баладан келе турган жаштарга кандай кеңеш берет элең деп сурадым. Ал «биринчи кезекте тилди жакшылап үйрөнүп, бул жакта оңой турмуш жок экенин билип, ошого жараша иштеймин, окуймун деп келсе. Эгер андай болбосо кыргыздарды уят кылып, мындан кийинки келе тургандардын жолуна тоскоол болосуңар. Себеби бул жакта кыргыздарга деген жакшы ой пайда болду» деп жооп берди. Ошол айткан бала биринчи орунда өзүн эмес, жалпы кыргыз элин ойлоп жатат.

Мына дагы бир жакшы окуя, бир кыргызстандык таксист орус аялды үйүнө жеткирип келиптир. Ал аял чоң суммадагы акчасын унутуп калып кирип кетиптир. Ошол жерде 20-30 этаждын кайсы жагына кирип кеткенин билбей 6-7 саат күтүп туруптур. Орус аял акча жоголгонун билип, терезени караса таксист туруптур. Түшүп ыраазы болуп, акчасын алыптыр. Анан “эмне үчүн кетпей күтүп турдуң? деп сураптыр. Таксист бала «кыргыздар жөнүндө жакшы ой пайда болсун, алар келгенде жакшы жумуш таап алсын дедим» деп жооп бериптир. Ошондуктан биринчи орунда элин ойлоп иш кылыш керек.

Маектин толук вариантын биздин Ютуб каналыбыздан көрө аласыздар:

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM