Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Тайырбек Жумашбек уулу беттешке чыгат

Кыска кабар , Спорт | 12 Апр 2024 | 285 | 0

Бишкекте күрөш боюнча өтүп жаткан Азия чемпионатында бүгүн, 12-апрелде эркектер арасында, эркин күрөш боюнча 5 жуп медаль ойнотулат.

Беттешке кыргызстандык 5 балбан катышат, алардын арасында Азиянын учурдагы чемпиону Тайырбек Жумашбек уулу жана Азиянын 2015-жылдагы чемпиону Айаал Лазарев бар.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:00 дө башталат.

61 кг чейинки салмактагы категорияда Тайырбек Жумашбек уулу (Азия чемпиону 2023),

74 кг чейинки салмактагы категорияда Канат Керимбеков (дебют),

86 кг чейинки салмактагы категорияда Атай Изабеков (2018-ж Азия чемпионатында 10-орун),

92 кг чейинки салмактагы категорияда Нуртилек Карыпбаев (2023-ж Азия чемпионатында 12-орун),

125 кг чейинки салмактагы категорияда Айаал Лазарев (Азия чемпиону 2015).

Күрөш боюнча Азия чемпионаты «Бишкек Арена» спорттук оюн-зоок комплексинде 16-апрелге чейин болот. Ага Азиянын 30дан ашык мамлекети катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM