Биз менен байланышыңыз

Суучул Денис Петрашов АКШдагы турнирде алтын утту

Кыска кабар , Спорт | 12 Апр 2024 | 332 | 0

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШда турнирде алтын медаль тагынды. TYR Pro Swim Series аталышындагы турнир 10-13-апрель күндөрү Техас штатынын Сан-Антонио шаарында өтүүдө.

11-апрелде 100 метр аралыкты брасс ыкмасында сүзүп өтүү үчүн 62 суучул катышкан. Кыргызстандык Петрашов бул аралыкты 1 мүнөт 0,49 секундда сүзүп өтүп, финалга чыккан.

Финалдык жарышта атамекендик суучул экинчи болуп келе жаткан, бирок биринчиге чыгып аралыкты 59,83 секундда сүзүп өтүп, жеңишти камсыздай алды. Атаандаштарынын арасынан Петрашов аралыкты 1 мүнөттүн ичинде сүзүп келген жалгыз спортчу болду.

Экинчи орунду америкалык суучул, дүйнөнүн учурдагы чемпиону  Ник Финк ээледи. Ал аралыкты 1 мүнөт, 0,03 секундда сүзүп келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM