Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Кыргызстандык эки балбан коло утту

Кыска кабар , Спорт | 12 Апр 2024 | 166 | 0

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Улукбек Жолдошбеков жана Алибек Осмонов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында 3-орунду ээлешти.

Улукбек Жолдошбеков 65 кг чейинки салмакта 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде артта калтырды.

Ал эми Алибек Осмонов 70 кг чейинки салмак ченинде Мустафо Ахмедов аттуу тажикстандык балбанды жеңип, коло байгеге татыды.

Эске салсак, ушул тапта “Бишкек Арена” муз аянтчасында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.

  • 11-12-апрель күндөрү эркин күрөш,
  • 13-14-апрель кыз-келиндер арасында,
  • 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алат.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты «Бишкек Арена» спорттук оюн-зоок комплексинде 16-апрелге чейин болот. Ага Азиянын 30дан ашык мамлекети катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM