Биз менен байланышыңыз

Токтомушев: Ишкерлер жети жумалык акысыз окууга катышса болот

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Апр 2024 | 450 | 0

«Ишкерлер жети жумалык акысыз окууга катышса болот». Бул тууралуу Accelerate Prosperity долбоорунун жашыл акселерацияларынын координатору Элдос Токтомушев «Маралдын» түз эфиринде айтты.

«Биз Ага Хан фондунун өнүгүү демилгеси болуп саналабыз. Кыргызстанда беш жылдан бери иштеп келебиз. Ушул жылдар ичинде долбоорлор боюнча 1000ден ашык бүтүрүүчүнү уядан учурдук. Алардын арасынан 78 компанияга инвестиция берилген. Андан сырткары, 80 компания техникалык колдоо алган», — деди Токтомушев.

Анын айтымында, жети жумалык долбоор жүргүзүлөт. Башында мыкты эксперттер чакырылып, лекциялар өткөрүлөт. Жети жума бою тыгыз байланышта иштешип, жакшы жыйынтыка жетишет.

«Ишкерлер инвестиция кылыш үчүн биздин сайттан кирип биз жүргүзүп жаткан долбоорлорду билсе болот. Ал жактан анкетаны толтуруп койсо, биз анын арасынан долбоорго тандайбыз. Биздин долбоорго катышуу акысыз. Болгону атайын убакытын бөлүп, биз окуткан нерселерди аткаруусу керек», — деп кошумчалады ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM