Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бүгүн күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат

Кыска кабар , Спорт | 11 Апр 2024 | 210 | 0

Бүгүн, 11-апрелде Бишкекте эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталат.

Мелдеш «Бишкек Арена» спорттук оюн-зоок комплексинде 11-16-апрель аралыгында өтөт. Ага Азиянын 30дан ашык мамлекети катышары белгилүү болду.

Ал эми Кыргызстандан мелдешке Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Тайырбек Жумашбек уулу жана Алмазбек Сманбеков сыяктуу атактуу балбандар катышат.

Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөш боюнча эркектер арасында 5 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандын атынан 5 балбан килемге чыгат.

 Алар:

  • Алмаз Сманбеков (57 кг);
  • Улукбек Жолдошбеков (65 кг);
  • Алибек Осмонов (70 кг);
  • Адилет Маратбаев (79 кг);
  • Андрей Аронов (97 кг).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM