Биз менен байланышыңыз

Аймактарда мөмө-жемиштердин кайсы түрүн өстүрүү кирешелүү?

Блог , Кыска кабар | 8 Апр 2024 | 402 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги өлкөнүн кайсы аймактарында мөмө-жемиштерди өстүрсө пайдалуу болорун айтып, сунуштама берди.

Кунарлуулугу төмөн жайыттарды көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө пайдаланууга берүү мыйзамынын негизинде 614 миң гектар жер аянтын дыйкандар көп жылдык ижарага алып мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Министрлик ар бир райондун климаттык, кыртыштык өзгөчөлүктөрүн эске алып, питомниктер менен биргеликте мөмө жемиштердин түрлөрүн жана сортторун облустарга адистештирүүнү иштеп чыкты.

Баткен облусу

Баткен районунун климаттык кыртыштык шарттары баардык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн анын ичинде өзгөчө жүзүмдүн ашкана жана техникалык сортторун, Кадамжай районунда алча жана гилас, Баткен районунда өрүк, Лейлек районунда өрүк өстүрүү сунушталат.

Жалал-Абад облусу

Тоо этектериндеги райондордо көп жылдык мөмөлүү бак дарак  өсүмдүктөрүн   Сузак районунда жүзүм, Аксы районунда кайналынын, Чаткал районунда чычырканак, карагат, ит мурундун аянтын көбөйтүү сунушталат.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл жана Тоң райондору мөмөлүү бак дарактарды, анын ичинен гилас, өрүк, шабдалы, алма өстүрүүгө, Жети-Өгүз району жана Ысык-Көл облусунун түндүк тарабы малина жана карагат өстүрүүгө адистешкен. Кулпунай өстүрүү баардык райондордо мүмкүн.

Нарын облусу

Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо жана Кочкор райондорунда алма, алмурут, өрүк, карагат, барбарис, карагат, дан куурай, кулпунай жана чычырканактын тикенексиз сортторун өстүрүүгө мүмкүн.

Ош облусу

Ош облусунун негизги адистештирүүсу дан эгиндери, жашылча, бахча өсүмдүктөрү, мөмө-жемиш жана техникалык өсүмдүктөр болуп эсептелинет.

Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн баардык түрүн Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорунда өстүрүү сунушталат.

Талас облусу

Талас өрөөнүнүн кыртыш-климаттык шарттары мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн, анын ичинен алма, алмурут,кайналы жана жемиш өсүмдүктөрүнүн баардык түрүн  өстүрүүгө ылайыктуу.

Чүй облусу

Жаңы айдоо жерлерди өздөштүрүүгө байланыштуу тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу менен көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн — алма, алмурут, жүзүм жана жемиш өсүмдүктөрүнүн аянтын кеңейтүү сунушталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM