Биз менен байланышыңыз

Бишкектин түндүк-түштүгүн бириктирген жол салуу башталды

Кыска кабар | 24 Мар 2024 | 245 | 0

Бишкек шаарында Жапар Шүкүров көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдиришкендей, көпүрө Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнө салынып, Октябрь Медеров көчөсүнө чыгарылат. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду кошо эсептегенде туурасы 15 метр болот.

Жапар Шүкүров көчөсүндөгү көпүрө Жибек Жолу проспектиси менен Иса Ахунбаев көчөсүн байланыштырууда (Сүйүмбаев жана Кара-Дарыя көчөлөрүн кесип өткөн темир жол аркылуу) маанилүү түйүн болуп эсептелет.

Мындан тышкары борбор калаада Юлиус Фучик, Анарбек Бакаев, Акматбек Сүйүмбаев көчөлөрү да Иса Ахунбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисин бириктирген жол болот. Долбоорго ылайык, бул көчөлөрдү темир жол аркылуу Лев Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда.

Учурда үч көчө: 7-апрель, Жусуп Абдрахманов, Чыңгыз Айтматов проспектиси Бишкектин түндүгү менен түштүгүн бириктирип турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM