Биз менен байланышыңыз

ИИМ соода борборлордун кожоюндарын коопсуздукту күчөтүүгө чакырды

Кыска кабар | 24 Мар 2024 | 168 | 0

Бүгүн, 24-мартта ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Бишкек шаарындагы соода борборлордун ээлери, администраторлору, күзөт агенттиктеринин жетекчилери менен жолугушуу өткөргөнүн министрлик кабарлады.

Кездешүүдө эс алуу жайларындагы, соода борборлордогу коопсуздукту күчөтүү, террорго жол бербөө чаралары талкууланды. Нурбек Абдиев Москва шаарындагы «Крокус сити холл» концерттик залына жасалган теракт боюнча айтып, террорчулук татаалдашып баратканын эскертти.

Ички иштер министринин орун басары акыркы кандуу окуядан сабак алып, соода борборлорун кылдат көзөмөлдөөгө чакырып, жолугушууга келгендерди коопсуздук жаатында керектүү чараларды көрүүгө милдеттендирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM