Биз менен байланышыңыз

«Аккула» ат майданынын эски мүлктөрү аукцион аркылуу сатылат

Кыска кабар | 20 Мар 2024 | 107 | 0

Бишкек мэриясына караган «Аккула» ат майданынын эски мүлктөрү аукцион аркылуу сатыкка коюлат. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол коюп, атайын комиссия түзүлгөнү кабарланды.

Комиссияга Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык мүлктү менчиктештирүү боюнча бекитилген программасына ылайык он күндүн ичинде аукцион өткөрүү милдети жүктөлгөн. Сатып алуучулар жеке жана юридикалык жактар боло алышат.

Муниципалдык менчикти сатуу боюнча электрондук аукционду өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 519 бекитилген «Муниципалдык менчик объекттерин сатуу боюнча аукциондорду электрондук форматта өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык аныкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM