Биз менен байланышыңыз

Москвада мекендештерин тоноп кетүүгө шектелген жигиттер кармалды (видео)

Кыска кабар | 20 Мар 2024 | 201 | 0

Орусиянын Москва шаарында иштеген кыргыз кыздарды тоноп кетүүгө шектелген үч жигит кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Кыргызстан Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 1998-жылы жана 2000-жылы туулган эки кыз кайрылышкан. Алардын арызынан маалым болгондой, болжол менен түнкү саат 1:30 чамаларында алар жашаган батирге белгисиз үч адам кирип, бычак такап коркутушуп, кыздардын телефондорун, акчаларын, зер буюмдарын тоноп кетишкен.

Бул фактыны Орусия ИИМинин Москва шаардык полиция бөлүмү каттоого алып, иликтенген материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 3-бөлүгү менен иш козгошкон. Кыргызстан ИИМинин Орусиядагы жана КМШдагы өкүлчүлүгү менен биргеликте иликтөө жүргүзүлгөн.

Натыйжада кылмышка шектүүлөр: 2003-жылы Баткен облусунда туулган Р.Р., 1996-жылы Кара-Кулжа районунда туулган К.Н., 1996-жылы Кара-Суу районунда туулган Ж.Б. кармалган. Баары Кыргызстандын жарандары болушкан.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, үчөө тең Орусияга иштөө үчүн келишкен, Москва шаарында турушат.

Учурда тергөө жүрүп, башка да кылмыштарга катышы бар же жок экени иликтенип жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM