Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Кытай менен виза, экстрадиция маселелерин сүйлөштү

Кыска кабар | 20 Мар 2024 | 136 | 0

Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Кытайдын Циндао шаарына иш сапары менен барышты. Анда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүрдү.

Талкууда эки мамлекеттин ортосундагы визалык режимди жөнөкөйлөтүү маселеси көтөрүлдү. Тараптар мындай кадам туризм, бизнес жана маданий байланыштар үчүн маанилүү экенин белгилешти.

Мындан тышкары эки өлкөнүн жарандарынын, ишкерлеринин укугун, кызыкчылыктарын коргоо да каралды. Натыйжада жарандардын жана ишкерлердин ишмердигинде калыстыкты, мыйзамдуулукту камсыздап берүү макулдашылды.

Аны менен катар соттолгондорду которуу сүйлөшүлдү. Кыргызстандын өкүлдөрү Кытайдын абактарында отурган жарандарын өз өлкөсүнө кайтарып берүүнү өтүнүштү. Бул маселеде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Кытайдын Юстиция министрлигинин ортосунда кызматташтыкты камсыздоо зарыл экени айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM