Биз менен байланышыңыз

Министр: Майыптардын иш табуусун жеңилдеткен атайын портал ачылган

Кыска кабар | 19 Мар 2024 | 129 | 0

Бүгүн, 19-мартта Министрлер кабинетинин алдындагы Майыптар боюнча кеңештин отуруму өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Отурумга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов төрагалык кылып, анда майыптардын билим алуусундагы, ишке орношуусундагы, иштөөсүндөгү тоскоолдуктар талкууланды.

Жыйында сөз сүйлөгөн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова майыптар үчүн «Жеткиликтүү өлкө» программасы иштеп жатканын билдирди.

«Санариптештирүүнүн алкагында калкты, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү максатында министрлик тарабынан Zanyatost.kg порталы жана «Жумуш издөөчү катары каттоого электрондук арыз менен кайрылуу» иштелип чыгып, ишке киргизилген. Ошол эле учурда майыптыгы бар кыргызстандыктар кесиптик билим алууда жана жумушка орношууда туш болгон тоскоолдуктар дагы эле сакталууда. Эмгек кодексине ылайык, ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштурууга, анын ичинде толук эмес жумуш убактысына квота берүү боюнча ченемдер белгиленген», — деди министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM