Биз менен байланышыңыз

370 миңден ашык салык төлөөчү декларация тапшырды

Кыска кабар | 19 Мар 2024 | 144 | 0

18-мартка карата 370 миң 110 салык төлөөчү бирдиктүү декларация тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Булардын ичинен 363 миң 95 салык төлөөчү электрондук түрдө тапшырган. Алардын 32 миң 812си юридикалык жактар, 76 миң 41и жеке ишкер, 209 миң 515 жеке жак, ошондой эле 51 миң 742си мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер болуп саналат. 

Айта кетсек, юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырууга тийиш.

1-майдан тарта жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер, менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер тилкеси (короо-жайынан тышкары) бар жеке жактар, юридикалык жак болуп саналбаган чарбалар, мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган мекемелер, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери, мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери, эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар, жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар декларация тапшырат.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM