Биз менен байланышыңыз

Жыл башынан бери 82 адам жол кырсыктан каза тапкан

Кыска кабар | 19 Мар 2024 | 175 | 0
Ушул жылдын 1-февралында Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин унаалары кырсыкка учураган

Ушул жылдын 1-январынан 17-мартына чейинки аралыкта 1173 жол кырсыгы катталып, 82 адам көз жумган, 1673 адам ар кандай жаракат алган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы билдирди.

Өткөн жылга салыштырмалуу бул жылы жол кырсыгынан жаракат алгандар 8,5%га, каза тапкандар 24,1%га аз катталган. Ал эми быйыл жаш балдар кабылган 245 жол кырсык катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 15,2%га кем болгон. Анын ичинен жаракат алган балдардын саны 23,5%га, көз жумган балдардын саны 35,7%га азайган.

Жол кырсыктарга карата ар дайым талдоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында жол кырсыктарын болтурбоо үчүн тийиштүү чаралар көрүлүп келери айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM