Биз менен байланышыңыз

Кочкордо акимдин орун басары пара берүүгө шектелип кармалды (видео)

Кыска кабар | 19 Мар 2024 | 282 | 0

Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары жана башкы адиси УКМК кызматкерине пара берүү фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, УКМК кызматкерлеринин текшерүүсүндө Кочкор райондук акимиатында Өкмөттүн токтому менен бекитилген ченемдик-укуктук актылардын так сакталбаганы аныкталган. Ээлеген кызматынан бошотууга чейин жеткире турган мыйзам бузууларды жашыруу үчүн акимдин биринчи орун басары менен башкы адиси УКМК кызматкерине 30 миң сом пара сунуштаган.

Шектүүлөр УКМК кызматкерине 30 миң сомду Mbank электрондук эсеби аркылуу которушкан. Фактынын негизинде пара бергендер кармалып, тергөө абагына камакка алынган.

Учурда бул кылмышка катышы бар башка кызматкерлерди аныктоо чаралары көрүлүп жатканы айтылат маалыматта.

Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары Бактыгулов Турсунбек Аманбекович бул кызматка 2023-жылдын 30-апрелинде дайындалган. Акимиаттын башкы адиси кызматын Бакыт Сманкулов аркалап келген.

Жакындарынын айтымында, окуя 13-мартта болгон. Эртеси аким Эрмекбай Омошев Ысык-Ата районуна которулган. Шектүүлөр райондук соттун чечими менен 15-мартта үй камагына чыгарылган. Алар бул иште мурдагы аким Эрмекбай Омошевдин да катышы болгонун айтышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM