Биз менен байланышыңыз

Өлкөгө ККМ-аппараттарын киргизүү 1990-жылдары эле башталган

Кыска кабар | 19 Мар 2024 | 143 | 0

Өлкөгө көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү 1990-жылдары эле башталган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Салык кызматынын айтымында, ал жылдарда ККМ-аппараттардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, анан калса кымбат болгон. Маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен ал көйгөйлөр жоюлуп, программалык моделдер иштелип чыккан. Учурда аны орнотуу көп деле чыгып талап кылбайт, тейлөө тарифтери да төмөн.

«ККМ — төлөмдөрдү көзөмөлдөө жана фискалдаштыруу үчүн колдонулуучу аппарат. Ал бардык соода операцияларын белгилеп, сатып алуучуга чек берет жана маалыматтарды автоматтык түрдө салык кызматынын бирдиктүү системасына жөнөтөт. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, ККМди киргизүү көмүскө экономика менен күрөшүүдө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоодо маанилүү роль ойнойт. Көзөмөл-кассалык чек акчалай эсептешүүлөрдөгү операцияларды жүргүзүү фактысын ырастоочу баштапкы документ катары эсептелет», — деп айтылган билдирүүдө.

Маалым болгондой, учурда өлкө аймагында ККМдин 33 түрү колдонулуп, анын 18и программалык, 15и аппараттык болуп саналат. Аларды 26 техникалык борбор тейлейт. ККМдин баасы жана тейлөө тарифи түрүнө жараша коюлат.

Ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында Салык кызматы 10 миң ККМ-аппаратын бекер тараткан. Ушу тапта дагы 32 миң ККМ-аппаратын алдыруу мерчемделип жатат. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM